ЖК казак-кыргыз келишимин токтотту

10-Ноя. 2017, Жума, 10:03

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстан менен Казакстан өкмөтүнүнүн ортосундагы ЕАЭБге интергарциялануу шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана анын колдонулушу тууралуу протоколду, техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денансациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды.

Жыйында каттоодон өткөн 106 депутаттын 105и "макул", бирөө "каршы" добуш берди.

Казакстан тарабынан бериле турган жардамдан баш тартууну өкмөт демилгелеп, анын себебин каражатка муктаждык жок экени менен түшүндүргөн.

Өкмөттөн билдиргендей, казак-кыргыз биргелешкен инвестициялык фондун түзүү демилгеси 2007-жылы эле башталган, бирок кандайдыр бир себептерден улам аны түзүү иши кийинкиге жылдырылып келген.

Келишимге ылайык, Казакстан 2014-жылы ЕАЭБ алкагындагы жол картасын жүзөгө ашыруу үчүн 100 млн. доллар өлчөмүндө жардам бөлмөк. Бул каражат өлкөнүн бажы обьекттерин жакшыртуу, ветеринардык лабораторияларды куруу сыяктуу маанилүү долбоорлор үчүн жумшалмак.

Кыргыз өкмөтү 4 лаборатория курууга бюджеттен 172 млн. сом бөлүүгө аргасыз болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимди денансациялоо демилгеси буга чейин парламенттик үч тармактык комитети тарабынан жактырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!