Өкмөт жол кырсыктарын азайтуу жолун талкуулайт

10-Ноя. 2017, Жума, 12:26

Бүгүн, 10-ноябрда премьер-министр Сапар Исаковдун жетекчилиги алдында автоунаа жолдору жана жол кырсыктары боюнча кеңешме өтөт.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жол кырсыктарын көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылат.

Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктарынан 695 киши каза тапкан. Соңку бир апта ичинде эле жол кырсыгы 20дан ашуун адамдын өлүмүнө забын болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!