Президенттин маалымат бөлүмүн Стамалиева жетектейт

10-Ноя. 2017, Жума, 13:06

Толгонай Стамалиева президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Толгонай Стамалиева буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын, эл аралык “Манас” аэропортунун, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси болуп иштеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!