​Академия илим күнүн белгиледи (фоторепортаж)

10-Ноя. 2017, Жума, 14:04

Бүгүн, 10-ноябрда Улуттук Илимдер Академиясынын жыйындар залында Илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болду. Иш-чарага өкмөт башчы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин депутаттары, окумуштуулар, коомдук ишмерлер, окутуучулар катышты. Бул күнгө карата илим жана инновация тармагындагы жетишкендиктердин көргөзмөсү дагы уюштурулуп, мында кыргыз ойлоп табуучуларынын, окумуштуулардын эмгектери эл назарына тартууланды.

Илим күнү менен өкмөт башчы Сапар Исаков кыргыз окумуштууларын куттуктап, “Таза коом” долбоорун иш жүзүнө ашырууда окумуштуулардын салымы жогору экенин билдирди.

Кыргызстандын мындан ары өнүгүп-өсүшү илимпоздордон, окумуштуулардан көз каранды. Кудай буюрса баарыңар биримдикте болуп, ар кайсыл тармакта иш алып барсаңар Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсөт. Ошондуктан Өкмөт илим тармагындагы программасында «Из калтыруучу илим» деп атадык. Илим көптөгөн жетишкендиктерди алып келет. Кыргызстанда СССР учурунда көптөгөн илимий ачылыштар жасалган. Ал эмгектердин баарын эске алып, замандын талабына жараша иш алып баруубуз зарыл. Мындан тышкары өкмөт «Таза коом» долбоорун ишке ашырганы турат. Өкмөт башчы катары сиздерден суранып кете элем. Бул долбоорго көп көңүл бурсак. Себеби бул долбоор Кыргызстандын жаңы багытка алып барат. Бул долбоор аркылуу коррупция дагы жол берилбейт. Албетте бул долбоорду ишке ашырууга окумуштуулардын илимий изилдөөсүнө, жардамына муктажбыз”,-деди өкмөт башчы.

Ал эми Улуттук Илимдер Академиясынын президенти Мурат Жуматаевдин айтымында, Кыргызстанда илим тармагы колго алынган жылдардан тарта 3 гана илимий ачылыш жасалган.

Азыр рынок заманында жашап жатабыз. Антаандаштык деген күч. Окумуштуулар дагы каражаттын тартыштыгына шылтап жүрө бербей өзүнүн эмгектери үчүн күрөшүш керек болуп жатат. Ошондо гана эмгектен натыйжасы болот. Илимде ачылыш деген жыл сайын болуп турчу көрүнүш эмес. Кээде 100 жылда бир эки эле ачылыш болот. Кыргызстанда илим тармагы жандан жылдардан бери, тагыраагы 1924-жылдан баштап 3 эле ачылыш болгон. Алар, СССР учурунда урандын бөлүнүшү, кийинкиси 1998-жылы жана 2013-жылы бул жылдары тоо тектеринин закондору деген ачылыш жасалган. Анын үчөөсү тең Улуттук Илимдер Академиясы тарабынан иштелип чыккан. Ачылыштар көп каражатты талап кылат. СССР убагында илим тармагында көп каражат бөлүнгөндүктөн ачылыш болуп турчу. Эми деле каражат болуп турса илимий ачылыштар алдыда деп ойлойм”,-деди Жуматаев.

Илим күнү Кыргызстанда 2002-жылдан тарта белгиленип, туруктуу коомду түзүүдө илимдин жана илимпоздордун ролуна зор маани берүү максатын көздөп келет. Адистердин айтымында, Кыргызстанда илим тармагы өнүкпөстөн өксүгөн абалда турат. Буга мамлекет тарабынан көп көңүл бурулбай, каражаттын аз бөлүнүшү себеп болууда.

Илим жана инновация тармагындагы жетишкендиктердин көргөзмөсү


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!