​Жалал-Абадда жаштар жумалыгы башталды

10-Ноя. 2017, Жума, 14:12

Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан Эркиндик аянтында областтык, шаардык бийлик өкүлдөрүнүн жана шаардагы окуу жайлардын студенттеринин, жаштар уюмдарынын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жаштар жумалыгынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаевдин айтымында, областтык деңгээлде жарыяланган жаштар жумалыгын Жалал-Абад жаштары алгачкылардан болуп баштаган, анткени бул жумалык Жалал-Абад шаарында үч жылдан бери өткөрүлүп жатат.

- Бул жумалыктын негизги максаты – жаштардын патриоттуулук сезимин күчөтүү үчүн түрдүү иш-чараларды, интеллектуалдык жана спорттук мелдештерди өткөрүү, жаштардын социалдык активдүүлүгүн арттыруу, позитивдүү жашоого чакыруу - дейт ал.

Жаштар жумалыгынын ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева жаштар күнү менен жалпыны куттуктап, шаарда болуп жаткан ар тараптуу өзгөрүүлөргө токтолуу менен жаштарды мындан ары да шаарды өнүктүрүүдө активдүүлүккө чакырды.

Жумалыктын ачылуу салтанатынын жүрүшүндө шаардагы бир катар окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда концерттик программа коюлду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!