Бишкек шаарындагы Т.Абдымомунов атындагы кыргыз Улуттук академиялык драма театрында “Күүгүм” спектали коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Спектаклдин режиссеру Санкт-Петербургда театралдык академиясынын “Режиссура” факультетинин студенти жана маданияттын мыкты кызматкери-Улан Карпбаев.
Аталган спектакль менен карьерада мыкты ийгиликтерди багынтып, бирок жеке жашоосунда бактысыз болуп калган эки курбунун жашоосун чагылдырат.
Башкы ролдордо Гүлайым Каныметова, Турганбүбү Бообекова жана Тилек Жумагазиев.
Спектакль Маданият , маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен ишке ашты.