Муфтий Йемендин ракетасы тууралуу пикирин айтты 

11-Ноя. 2017, Ишемби, 15:52

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ушул жылдын 4-ноябрындагы Йемендин аймагынан Сауд Арабия Падышачылыгын көздөй учурулган баллистикалык ракета боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

«Бул абдан бир жаман окуя жана Алла Тааланы нааразы кыла турган иш болду. Муну биз мусулмандар айыптайбыз. Мусулмандардын ыйык жери, Алла Тааланын Кураны түшкөн, бүткүл үммөттүн жол башчысы, сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в) төрөлүп өскөн Мекке менен Медина шаарынын борбору болгон Эр-Риядка карай учурулган баллистикалык ракета жалпы мусулмандарды ойлондурбай койбойт. Кудайым сактасын эгер мындай көрүнүш кайталанган болсо бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар тычсызданып, чара көрүшү мүмкүн. Ошондуктан жалпы дүйнө элин ынтымакка чакырабыз жана мындай көрүнүштүн кайталанбашы үчүн биз мусулмандар Жараткан Алла Тааладан жалбарып дуа кылабыз”,-деди Максатбек ажы Токтомушев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!