Жол кыймылын жаңы аталыштагы мекеме тескейт

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:01

Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, ордуна жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп түзүлдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, өкмөткө караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бекитилди.

Премьер-министр Сапар Исаков жаңы аталышка ээ болгон мекемеде жалаң таза, колу коррупцияга малынбаган адистер иштээрин билдирди.

Ички иштер министри Улан Исраиловго кыска мөөнөттө сынак негизинде таза милиция кызматкерлерин ишке кабыл алуу милдети жүктөлдү. Жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөтүү, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, жол чырактарды, белгилерди, чийиндерди орнотуу иштерин жүргүзүүнү көзөмөлдөө өкмөт аппаратына жүктөлдү.

Ноябрь айынын биринчи он күндүгүндө эле 208 жол кырсыгы катталып, 42 жарандын өмүрүн алды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда патрулдук милиция башкармалыгы 2016-жылдын 1-апрелинде ишке кирген. Мурдагы жол кайгуул жана МАИ кызматы ага бириктирилген болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!