Жарандык коомдун өкүлдөрү Кумтөргө барат

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:46

Өкмөт жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирге 14-ноябрда Кумтөр алтын кенине барып, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн абалы менен таанышат.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, Суу кодексине каршы чыгып жаткандар абалды жеринен көрбөсө, туура эмес талкуу жүрүп жатат.

Өткөн аптада жарандык коомдук өкүлдөрү, бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланып, жыйын чыр менен аяктаган. Зилалиевдин мыйзам долбоорун артка кайтраууга болбостугун айтып чыкканда, активисттер жыйындар залын таштап сыртка чыгып кетишкен.

“Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жылып, эрип отуруп, болгону 20 пайыздан ашыгыраак гана бөлүгү калган. Бул мөңгүлөр жоголуу алдында турат. Абалды жеринен көрбөсөк, ар ким кандай кептерди айтууда. Калгандары аларды ээрчип кетүүдө”,-деди Зилалиев.

Эскерте кетсек, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн. Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо Кумтөр алтын кениндеги жогоруда аталган эки мөңгү эрип, түгөнгөндүктөн кен казууга уруксат берүү сунушу жазылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!