Ичимдик ичип алып 3 адамды сүздү

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:59

Ысык-Ата районундагы жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрь күнү саат 18:30 чамасында Кант шаарында циркке барып келе жаткан үч жөө жүргүнчүнү унаа сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен улам 7 жаштагы кыз жана анын таенеси каза болгон. Ал эми каза болгон өспүрүм кыздын апасы ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматкерлери барышып, айдоочуну кармашканда, ал мас абалда болгондугу аныкталган. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!