Россиялык жаран Бишкекте 9-кабаттан кулады

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:23

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бир киши кулап, каза болду. Бул тууралуу Өзгөө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-ноябрда болжол менен саат 17:25 чамасында борбор калаанын Ч.Айтматов көчөсүндөгү №29 үйдүн 9-кабатынан бир киши кулап, “Байчечекей” дүкөнүнүн чатырына түшкөн. Ал окуя болгон жерден каза болгон.

«Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, 1990-жылы туулган К. Е. Г. аттуу Россиянын жаранынын сөөгүн дүкөндүн чатырынан алып түшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен»,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!