Унаа даракка чабылып, 3 адам каза болду

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:51

Балыкчы-Ананьева-Каракол автоунаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунда 13-ноябры күнү саат 7:00 чамасында алдын ала алынган маалымат боюнча Балыкчы-Ананьева-Каракол автоунаа жолунда “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеттип, жол жээгиндеги даракты сүзгөн.

«Жол кырсыктын кесепетинен автоунаанын ичиндеги 3 адам каза болду. Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталууда. Ошондой эле окуя болгон жерде ӨКМнин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгондорду унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!