Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө жерге берилди.
Маркумду акыркы сапарга узатууга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депуттар, туугандары катышты.
Улан Чолпонбаев 11-ноябрда 40 жашында дүйнө салган. Ал бөйрөк оорусу менен жабыркап жүргөн. Ал Жогорку Кеңештин 5 жана 6-чакырылыштарынын депутаты болгон. Маркумдун артында эки кызы калды.