Үй жайы менен кошо күйүп кетти

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:25

Талас районунда үй өрттөнүп, кырсыктын кесептинен улам 46 жаштагы үй ээси каза болду. Бул тууралуу Өзгөө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, 12-ноябрда Талас районунун Кара-Суу айылынын Кенжалы көчөсүндө жайгашкан үй өрттөнүп, кырсыктын кесепетинен улам 1971-жылы туулган С.К аттуу үй ээси каза болгон. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле өрттөн улам 91 чарчы метр үй жана ичиндеги буюмдар толугу менен күйүп кетткен. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!