Эки чоң шаарга фото-видео байкоо орнотулат

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:26

Ноябрь айынын аягына чейин Ош жана Бишкек шаарларына жол эрежесин бузгандары аныктоочу фото-видео байкоо жабуудалы орнотулат.

Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков жол коопсузудуг реформалоо ишинин аткарылышы менен таанышуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, кийинки айларда жабдуулар өлкө аймагы боюнча коюлат. Ал “Таза коом” долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Өкмөттүн жол коопсуздугу системасын реформалоо 6 негизги бөлүктөн туруп, 148 ишти аткаруу жазылган. Ар бир пунттагы ишти аягына чыгаруу мөөнөтү да каралган.

Өткөн аптанын аягында өкмөт башчы Сапар Исаков патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, ордуна Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык түзүү тууралуу токтомго кол койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!