Чек ара: 300дөй унаа кезек күтүүдө

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:04

Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны кайрадан пайда болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында 270 жүк ташуучу унаа жана “Чоң капкан” көзөмөл-өткөрмө жайында 158 оор жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бир саатта чек арадан дээрлик 5-6 унаа өтүүдө. Бош жүк унаалары эч кандай текшерүүсүз эле, тезинен өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 10-октябрда Казакстан Кыргызстан менен чек арасындагы өткөрүү бекеттерин күчөтүлгөн тартипке киргизген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!