Исаков эки жашты куттуктады

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:05

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстанда биринчи жолу мамлекеттик электрондук портал аркылуу нике күбөлүгүн алган эки жашты куттуктады.

Өкмөт башчы Исаков өткөн айда “Таза коом” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан мамлекеттик электрондук порталдын бет ачарын өткөрүп жатып, портал аркылуу никеге туруу арызын толтурган Чыңгыз жана Гүлзат аттуу эки жашка өкмөт башчы гүлдесте берип, алардын 11-ноябрга катталган нике күбөлүгүн алуу аземине катышарын убада кылган болчу.

Белгилей кетсек, Portal.tazakoom.kg деп аталган мамлекеттик электрондук портал төрт багытта кызмат көрсөтөт. Алар: ЗАГСтан никеге турууга арыз берүү же күбөлүк, паспорттук кызматтан паспорт, кыймылсыз же кыймылдуу мүлккө ээ экендигин аныктаган мамлекеттик реестринен көчүрмө жана Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдамаларды алуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!