Түрк ырчысынын аткаруусундагы “Булбулум” ыры

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 16:11

Түрк этомузыканты Ирфан Гюрдал тарабынан аткарылган кыргыз ыры социалдык тармакта популярдуу болуп 10 миңден ашуун адам көргөн. Ал кыргыз элинин сүйүктүү композициясы жана Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум” ырын комуздун коштоосунда аткарган.

Аткаруучу ыр тууралуу “Буга чейин бул ырды ушул сахнада ырдап чыккан досум кыргыз эстрада ырчысы үч ай мурун көзү өтүп кеткен Элмира Кайып кызы аткарган эле. Ошондуктан да бул лирикалуу ырды аткаруума түрткү болду”,-дейт Ирфан Гюрдал.

Ал эми угармандар аткаруучуга ыраазычылыгын билдиришип жакшы калоо-тилектерди калтырышууда.

Ирфан Гюрдал тууралуу айта кетсек, ал Түрк маданият жана туризм министрлигинин музыкалык оркестрдин жетекчиси, түрк музыкасынын изилдөөчүсү, түрк музыка борборунун жетекчи кызметкери экени белгилүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!