Атамбаевдин алты жылына арналган көргөзмө ачылды

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 09:59

Борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтына президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык башкаруусуна арналган сүрөт-көргөзмө ачылды.

“Кыргызстандын тарыхындагы алты жыл” деп аталган сүрөт көргөзмөдө мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин расмий жолугушууларындагы, эл менен баарлашуусундагы, ошондой эле коомчулук али көрө элек сүрөттөрү коюлган.

Сүрөт-көргөзмөнүн автору, президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиевдин айтымында, көргөзмөнү уюштуруунун максаты – өтүп бараткан алты жыл ичинде президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусундагы олуттуу өзгөрүүлөрдү коомчулуктун назарына сунуштоо болду.

Сүрөт-көргөзмө бир айга чейин уланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!