Каза тапкандардын өздүгү такталууда

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 10:19

Исфана-Ош жолундагы кырсыктан үч адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 14-ноябрда эртең мененки саат 07:30 чамасында Исфана-Ош жолунун 25-чакырымында, Лейлек районунда катталган. Анда «Honda Stepwgn» жана «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен улам үч адам каза болгон. Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталууда.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!