Кыргыз Уикипедиясындагы макалалар 80 миңден ашты

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 10:24

Он-лайн энциклопедия деп аталган кыргыз Уикипедиясында макалалардын жалпы саны 80 миңге жетти.

Өткөн аптада "WikiTranslate2017" долбоорунун бет ачары болуп, анда кыргыз Уикипедиясында жарыяланган макалалар талкууланып, аны түзүүчүлөр ортосунда пикир алышуу болду.

Аталган долбоор “Биздин Мурас” коомдук фонду тарабынан “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен ишке ашырылды. Кыргыз уикипедиячыларынын бул жолку максаты – башка тилдеги Уикилерден жаңы макалаларды которуп кошуу жана бул котормолорду Google Translate кызматындагы кыргыз тил котормолордун сапатын жакшыртуу үчүн колдонуу болду.

«Кыргыз Уикипедиясында эң көп окулган макалалар бул Сагымбай Орозбак уулу жана Курманжан Датка жөнүндө макалалар болду. Мунун себеби - уюлдук телефон менен Уикипедияга киргенде, баш макала болуп дал ушулар сунушталат. Адамдар өздөрү бул макалаларды издеп окуйт, ошондуктан окурмандардын арасында ийгиликке ээ деп айтсак адилетсиз болуп калат. 100 миң макала жазылганда гана популярдуу макалалар боюнча статистика так болот», — деди «Биздин Мурас» коомдук фондунун директору Чоробек Сааданбек.

Ал кошумчалагандай, кыргыз тилиндеги илим, билим, маалымдама багытындагы контенттин көлөмү чектелген жана толуктоого муктаж. Ошол эле учурда дүйнөдө сапаттуу, мыйзамдуу түрдө акысыз которуп, билим берүү максатында эркин өздөштүрүп алуу үчүн ачык контенттердин зор көлөмү бар.

“Ошондуктан биз билимди ылдам өздөштүрүү тажрыйбасын топтоо жана анын куралдарын түзүү маанилүү деп эсептейбиз. Ушул багыттагы алгачкы кадамдарыбыздын бири катары, интернеттин негизги аудиториясы болгон жаштар арасында популярдуу болгон дүйнөлүк кино, музыка, кино жана музыка жылдыздары, китептер, жазуучулар, ойчулдар, окумуштуулар, илим жана маалымат технологиялар тууралуу уикимакалаларды которуп кыргыз Уикипедиясына коштук. Котормолордун файлы кыргыз тил котормолорун жакшыртуу максатында Google Translate командасына берилди”,-деп кошумчалады Чоорбек Сааданбек.

Чоробек Сааданбек дүйнө жүзүндөгү эң мыкты 15 википедиячынын бири катары белгилүү.

Белгилей кетсек, Википедияда кыргыз тилиндеги баракча 2002-жылы ачылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!