Ысык-Ата районунда турак жай өрттөнүп, анын кесептинен 74 жаштагы кароолчу жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-ноябрдын түнү аталган райондун Нурмамбет айыл аймагынын “Учитель” дачасындагы кароолчунун 70 чарчы метр үйү толугу менен өрттөнгөн. Кырсыктын кесептинен 1943-жылы туулган Х.Ю аттуу кароолчу жаракат алып, Кант шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.
Ал эми өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.