Атамбаев Ирандын президентине көңүл айтты

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:03

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандагы жер титирөөлөрдүн кесепетинен көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Иран ислам республикасынын президенти Хасан Роуханиге көңүл айтуу телегарммасын жолдоду.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 13-ноябрга караган түнү Иран жана Ирак мамлекеттеринин чектешкен аймагында 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 500гө жакын адам каза таап, жүздөгөн кишилер ар кандай жаракаттарды алышкан. Жер титирөө кеминде 8 айылды кыйроого алып келген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги зилзала болгон аймактарда кыргызстандык жарандар жок экенин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!