Эртең улуттук кеңештин жыйыны өтөт

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:06

Эртең, 15-ноябрда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин отуруму өтөт.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, отурум “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болот.

Өткөн аптада отурумга көрүлгөн даярдыктар тууралуу президенттик аппараттын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова маалымат берген.

Иш-чарада өлкөнү 2018-2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоору жана “Таза коом. Жаңы доор”программалары каралат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!