Президенттин маалымат жыйыны башка күнгө жылды

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:11

Кыргызстанда алты жылдык башкаруу мөөнөтү аяктап жаткан Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны 20-ноябрга жылды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, эртең, 15-ноябрда өлкөнү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин отуруму өтөт.

Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаевдин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусу 15-ноябрга белгиленген болчу.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылы 1-декабрда Кыргызстандын президенти болуп шайланган.

24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи өтмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!