Эки шаардын мэри “Даңк” орденин алышты

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:24

Бүгүн, 14-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкөнү өнүктүрүүгө ар тараптан кошкон салымдары үчун бир нече инсандар III даражадагы “Манас” ордени “Даңк” ордени, “Достук” ордени жана “Даңк” медалы менен сыйланышты.

Төмөндө сыйлык алган кишилердин тизмеси:

III даражадагы «Манас» ордени:

Жусупакмат Атамбаев - Ош облусунун «Маткерим» фермердик чарбасынын жетекчиси;

Жумагул Жумаков - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Жумак» асыл тукум үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси.

«Даңк» ордени:

Зинаида Биденко - Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын инженердик-геологиялык партиясынын экзогендик-геологиялык процесстерин изилдөө боюнча отрядынын башчысы;

Хурсанбек Байбабаев - Ош облусунун Араван районундагы «Байбува» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

Лев Васильев - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

Албек Ибраимов - Бишкек шаарынын мэри;

Айтмамат Кадырбаев - Ош шаарынын мэри;

Кокумбек Таштаналиев - Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы чарба жана мелиорация департаментинин директору;

«ЭМАРК Строй» жоопкерчилиги чектелген коому.

«Достук» ордени:

Ахматжон Абдурахманов - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы.

«Даңк» медалы:

Айбек Калиев - «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;

Николай Пихота - Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын башкы геологу.

Мындан сырткары, айыл чарба, курулуш, жергиликтүү бийлик, жаратылышты коргоо, өнөр жай багытында эмгектенген 31 адам Ардак грамота менен сыйланышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!