Үчүнчү адабий фестиваль жыйынтыкталды

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 16:09

ReadBishkek чыгармачыл тобу жана Республикалык Касымали Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасы менен биргеликте 3-адабий фестивалы өткөрүлдү.

Китепфест-2017 чыгармачыл, китеп окууга кайдыгер карабаган, демилгелүү, талыкпай окуган инсандар үчүн уюштурулду. Бул фестивалдын алкагында 2 панелдик талкуулоо өткөрүлүп, чыгармачыл демилгелер талкууга алынды.

Ошондой эле "Менин каарманым" темасы боюнча каалоочулар жеке ой пикирин ортого салышты. Ошол эле тапта, балдар үчүн кызык оюндар, балдар китебин окуу сыяктуу программалар өткөрүлүп, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин колдоосу менен илимий-көӊүл ачуучу "Maker Space" чакан иш-чарасы уюштурулду.

Ошону менен бирге "Менин каарманым" балдар сүрөт конкурсунун жеӊүүчүлөрү аныкталды. Аталган конкурс жаш балдар аудиториясында абдан популярдуу болуп, 100дөн ашуун сүрөт конкурста ат салышты. Калыстар тобу тарабынан эӊ жакшы 20 сүрөт тандалып, алардын 3ү баш байгеге ээ болду. Ал эми 17си сертификат жана ар түрдүү сыйлыктарга ээ болду. Фестиваль башталып аяктаганга чейин китепкана фойесинде "Раритет" китеп дүкөндөрү, "Баластан" балдар интерактивдүү журналы, "Шоокум" илимий маалымат журналы жана башкалар катышкан китеп жарманкеси өтүп жатты. Фестиваль ачык микрофон менен аягына чыкты. Ачык микрофондо ар бир конок, катышуучу, ар бир каалоочу өзүнүн жакшы көргөн авторунун же болбосо өз калемине таандык ырларын окуу, музыкалык чыгармаларын аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.

Фестиваль "Сорос-Кыргызстан" Фонду, ЮНИСЕФ Кыргызстан "Раритет" китеп дүкөндөрү жана "Kyrgyz Organic" компаниясынын колдоосу менен өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!