Телефон карактап кармалды

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 17:46

Бишкек шаарында күч колдонуу менен уюлдук телефон тартып алууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти

Маалыматка ылайык, 3-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Медеров көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанынан 17-20 жаштардагы белгисиз жаран күч колдонуу менен арыздануучунун баласынын баасы 15 000 сомдук “Самсунг-Гелекси” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып койгондугун айтып, арыз менен милицияга кайрылган.

Биринчи май РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын негизинде Чүй облусунун М.А. аттуу 17 жаштагы жашоочусу кармалган.

Бул факты боюнча кылмыш иш козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!