Өкмөт 2019-жылы толугу менен санарипке өтөт

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:25

Кыргыз өкмөтү 2019-жылы толугу менен санарипке өтөрүн премьер-министр Сапар Исаков улуттук кеңештин отурумунда билдирди.

Өкмөт башчы учурда ишке ашырыла баштаган “Таза коом” жана “Жаңы доорго 40 кадам” долбоорлору Кыргызстандагы коррупциялык иштерге, бюрократиялык тоскоолдуктарга бөгөт коёрун белгиледи.

“Калкка ыңгайлуу шарт түзүу максатында 363 маалыматтык күркө ачылып, иштеп жатат. Жарандар документ иштерин оңой, тоскоолдуксуз бүтүрө алат. Жыл соңуна чейин дагы 90 күркө ачылат”,-деди Исаков.

Бийлик ушул жылдын апрель айында өлкөнү жогорку маалыматтык технология аркылуу өнүктүрүү “Таза коом” долбоорун демилгелеген. Долбоор өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын бир бөлүгү экени айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!