Кезекте турган айдоочуларга тамак-аш берилди

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:31

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” чек-ара постунда кезек күтүп турган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ысык тамак-аш таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү Ысык-Ата районунун Ак-Тилек чек-ара постунда оор жүк ташуучуу унаалардын айдоочуларына ӨКМдин кызматкерлери ысык тамак таратышкан. Баардыгы болуп, 450 кишиге ысык тамак-аш берилген. Ал эми Манас районунун Чоң-Капкачек-ара постундагы оор жүк ташуучу унаалардын 200 айдоочуларына ысык тамак таратылган. Ысык тамак-аш менен камсыздоо иш-аракеттери уланууда.

Айта кетсек, аталган иш-чаралар президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасынын негизинде уюштурулууда. Ага ылайык ӨКМнен жалпы 17 чатыр тигилип, ӨКМдин кызматкерлери, тез жардам кызматы, ИИМ кызматкерлери нөөмөттө турууда. Ал эми жергиликтүү бийлик органдары ысык-тамак аш менен камсыздап жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!