“Таза коом – Жаңы доор” стратегиясы жактырылды

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:34

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн «Таза коом – Жаңы доор» стратегиясы бүгүн, 15-ноябрда өткөн отурумда талкууланып, жактырыллы.

Документти келерки жылдын февраль айында кабыл алуу болжонууда.

Президент Алмазбек Атамбаев стратегияны иштеп чыгууда эксперттер тобунун эмгеги чоң экенин белгилеп, олуттуу иштер жүзөгө ашканын билдирди.

Мындан сырткары президент өлкөдө инфраструктураны өнүктүрүү керектигин айтып, жол тармагы, энергетикалык долбоорлорго насыя алуу туура кадам экенин белгиледи.

Ал ишкерлерди текшерүүнү азайтууну сунуштап, алдыдагы 5 жылда каржы полициясы жоюлуп кетиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, президенттин жеке демилгеси менен 2013-2017-жылдар аралыгына белгиленген улуттук стратегия кабыл алынган. Ага удаа Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын аягында 2040-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегия жазарын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!