​Адам өлтүрүп качкан жаран кармалды

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:49

Ысык-Көл облусунун 44 жаштагы тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда Тоң РИИБне Балыкчы-Бѳкѳнбаев-Каракол автожолунан Тогуз-Булак айылын кѳздѳй бурулуштун түштүк тарабынан азия улутундагы 40-45 жаштагы эркек адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерди кароо учурунда, ак түстѳгү автоунаанын краскаларынын калдыктары, фаранын сыныгы, 1000 сомдук купюрадан 1 даана, 50 сомдук купюрадан 1 даана, 20 сомдук купюрадан 2 даана жана тыйындар табылган. Маркумду кароодо башынын оң жана сол жак тарабынан, сол кашынан сыйрылган жери, сол бутунун томук жагы сынык экендиги байкалган.

“Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе 44 жаштагы М.К. аттуу Кѳк-Сай айылынын тургуну “Хонда-Одиссей” үлгүсүңдөгү автоунаасы менен кармалып, күнѳѳсүн толугу менен мойнуна алган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камалып, автоунаасы атайын токтотуучу жайына киргизилген”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле маркумдун өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!