Жаш жигит бала бакчада зордуктоо аракетин кылды

16-Ноя. 2017, Бейшемби, 18:14

Ош шаарындагы бала бакчада жаш баланы зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда 20 жаштагы жигит жеке бала бакчалардын бирине кирип, 4 жашар баланы зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу арыз менен милицияга ата-энеси кайрылган.

Анын негизинде кылмышка шектүү катары жергиликтүү тургун милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аталган факт боюнча экспертиза дайындалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!