1-декабрга чейин митингдерге тыюу салынды

17-Ноя. 2017, Жума, 09:27

Биринчи Май райондук соту борбор калаада 1-декбрга чейин митинге тыюу салуу чечимин чыгарды.

Жогорку Соттун маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, райондук сот Ички иштер министрлигинин митингдерди өткөрүүгө чектөө коюу өтүнүчү менен кайрылган арызын канааттандырды.

Ага ылайык, 1-декабрга чейин Жогорку Кеңеш, өкмөт, БШК, Бишкек шаардык соту, Жогорку соттун имараттарынын алдында, "Ала-Тоо" аянтында жана Киев көчөсүндөгү Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин алдында нааразычылык акциясы, митингдерди өткөрүүгө болот

Митинг өткөрүүнү каалагандар Насирдин Исанов көчөсүндөгү Максим Горький атындагы эс алуу багында өткөрсө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!