Кеңешчи агенттиктин директору болду

17-Ноя. 2017, Жума, 09:28

Премьер-министрдин кеңешчиси Эсенкул Момункулов инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эсенкул Момункулов ушул жылдын 5-сентябрынан тарта премьер-министрдин кеңешчиси болуп иштеп келген. Ал дагы башка кеңешчилер сыяктуу батыштагы белдүү окуу жайлардын бирин аяктаган. Буга чейин президенттин, өкмөттүн аппаратында инвестициялык долбоорлор боюнча иш алып барган.

Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү ишканасы, кийин инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги болуп кайра түзүлгөн. Агенттикти буга чейин Алымбек Орозбеков жетектеп келген.

Аз убакыт мурда өкмөт башчынын дагы бир токтому менен аталган агенттиктин макамы жогорулатылган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!