Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (тизме)

17-Ноя. 2017, Жума, 10:20

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын экономикасын чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн бир нече кызматкерлерге, жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы кызматын өткөрүп берүүгө саналуу эле күндөр калган убакта өткөн алты жылга саресеп салып, акыркы алты жылда кыргызстандыктардын колдоосу жана эмгекчилдиги менен өлкөнүн көптөгөн тармактарында жакшы натыйжаларга жетишкендигин белгиледи.

“Алгачкы жылдары иштеш абдан кыйын эле. Өлкөдө тынымсыз митингдер өткөрүлүп, мамлекеттик мекемелерди басып алуулар болуп турган. Ошондуктан карапайым эмгекчилердин, өз эмгеги менен экономиканы өнүктүрүүгө салым кошуп жаткандардын колдоосу жок абдан кыйын болмок”, -деди президент.

Мамлекет башчысы алты жылдын үч жылында гана иштөөгө мүмкүнчүлүк болгонун белгилеп, мындан ары өлкөнү өнүктүрүүдө кыйынчылыктар болбостугуна үмүт арта турганын жашырбады.

“Мен өлкөнүн келечеги үчүн көңүлүм ток, анткени өлкөдө силер сыяктуу адамдар бар”, -деди мамлекет башчысы аземдин катышуучуларына кайрылып.

Сөзүнүн акырында Президент Алмазбек Атамбаев катышуучуларды мамлекеттик сыйлык алгандыгы менен куттуктап, чың ден-соолук, узак өмүр жана бакыт-таалай каалады.

Төмөндө мамлекеттик сыйлык алган жарандардын тизмеси:

III даражадагы «Манас» ордени:

Жусупакмат Атамбаев - Ош облусунун «Маткерим» фермердик чарбасынын жетекчиси;

Жумагул Жумаков - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Жумак» асыл тукум үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси.

«Даңк» ордени:

Зинаида Биденко - Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын инженердик-геологиялык партиясынын экзогендик-геологиялык процесстерин изилдөө боюнча отрядынын башчысы;

Хурсанбек Байбабаев - Ош облусунун Араван районундагы «Байбува» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

Лев Васильев - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

Албек Ибраимов - Бишкек шаарынын мэри;

Айтмамат Кадырбаев - Ош шаарынын мэри;

Кокумбек Таштаналиев - Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы чарба жана мелиорация департаментинин директору;

«ЭМАРК Строй» жоопкерчилиги чектелген коому.

«Достук» ордени:

Ахматжон Абдурахманов - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы.

«Даңк» медалы:

Айбек Калиев - «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;

Николай Пихота - Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын башкы геологу.

Мындан сырткары, айыл чарба, курулуш, жергиликтүү бийлик, жаратылышты коргоо, өнөр жай багытында эмгектенген 31 адам Ардак грамота менен сыйланышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!