​Өгөй ата секелекти дубал сүздүрүп өлтүрдү

17-Ноя. 2017, Жума, 11:09

Каракол шаарынын тургуну өгөй кызын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Zaman.kg" маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда, 25-октябрь күнү Каракол шаарында 6 жаштагы А.Ф аттуу өспүрүм кыз башынан алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Териштирүүнүн натыйжасында кыздын кара кушуна кан толуп каза болгондугу белгилүү болгон. Мындан улам бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, кылмышка шектүү катары 49 жаштагы А.Э. аттуу каза болгон секелек кыздын өгөй атасы кармалган.

Ал эми кылмышка шектүү деп кармалган жаран милиция кызматкерлерине билдирген маалыматтына ылайык, күчүү кызынын ыйлагандыгын угуп, ага ачууланып, “көзүңдү карап баспайсыңбы?”,- деп түртүп жибергенде өспүрүм кыз тамдын дубалын сүзүп алган.

Белгилей кетсек, маркум кыздын Г.Б аттуу энеси менен кылмышка шектүү эки жылдан бери чогу Караколдо жашап келе жатышкан. Алардын ортосунда бир кыз бар болчу. Ал эми Г.Бнын мурдагы күйөөсүнөн үч баласы болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!