Издөөдө жүргөн казак жарандары кармалды

17-Ноя. 2017, Жума, 11:49

Ысык-Көл облусунда эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу аталган аймактын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга Чок-Тал айылындагы сарайда эл аралык издөөдө жүргөн адам жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөөнүн натыйжасында Казакстанда адам өлтүрүүгө айыпталып жаткан 36 жаштагы С.Жорабек аттуу казак жараны кармалган. Жеке текшерүү учурунда андан «Макаров» үлгүсүндөгү тапанчанын 7 даана ок алынган. Ошондой эле аны менен чогуу жүргөн Казакстандын 29 жаштагы У.Давлет жана 25 жаштагы Е.Нуртаз аттуу жарандары кармалган. Алардан 12 даана «АКМ» автоматынын октору жана 45 грамм марихуана баңгизаты табылган.

«Кашарга ээлик кылган Чок-Тал айылынын 38 жаштагы тургунунан 12 жана 16 калибрдүү ок атуучу куралдардын атылган октору алынган. Учурда кармалгандар облустук убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн райондук милицияга өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!