Өрттөн алты жылда 496 адам каза тапкан

18-Ноя. 2017, Ишемби, 11:14

Акыркы алты жылдын ичинде өлкө аймагында катталган өрт кырсыгынын кесепетинен 500 жакын адам каза болсо, анын ичинен 50сү жаш балдар болгон. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдан 2017-жылдын октябрь айына чейин өлкөдө 27 миң 558 өрт кырсыктары катталган. Анын ичинен 64ү өтө ири өрт кырсыктары болуп эсептелинет. Өрттөн келтирилген материалдык чыгым 2 млрд. 618 млн. сомду түзгөн. Өрт кырсыгынан 496 адам каза болсо, анын ичинен 50сү жаш балдар. Ал эми өрттөрдүн кесепетинен 440 адам жабыркаган. Ошол эле мезгилде, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 1100 адамдын өмүрү жана 31 млрд. 524 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

“Өрттөрдүн келип чыгуусунун негизги себептери төмөнкүлөр болгон: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, балдардын от менен ойноосу, мештерди жана морлорду этиятсыздык менен колдонуу. Катталган өрт кырсыктарынын ичинен 15 318 өрт турак жай секторунда болгон. Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (15318 өрт), 857 млн. 384 мин сомдук материалдык чыгымды түзгөн. Ал эми өрттүн бул түрүнөн 412 адам каза тапкан”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!