​Майор пара алып жатканда кармалды

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:58

Кадамжай райондук милициянын майору ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына Ош шаарынын жашоочусу Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери паракорчулук менен алектенип жатышканы тууралуу арыз менен кайрылган. Себеби, милиция кызматкерлери арыздануучуга таандык “Hunday Porter” үлгүсүндөгү автоунаасын жүгү менен Кадамжай РИИБнин токтотуучу жайына токтоттуруп койгон. Андан соң, автоунааны жүгү менен кайтарып алуу үчүн милиция кызматкерлери опузалоо менен ири өлчөмдө акча каражатын талап кылышкан.

“Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, анын негизинде ИИМдин ички иликтөө кызматынын Ош шаары боюнча ыкчам издөө башкармалыгы Баткен облусу боюнча МУККБнын тергөө бөлүмү менен биргеликте ыкчам-иликтөө иштерин уюштурулган. Ага ылайык 18-ноябрь күнү Кадамжай РИИБнин тергөөчүсү, милициянын майору Б.Н. аттуу 100 АКШ долларын жана 13 миң сом акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда иликтөө ишин Баткен облусу боюнча МУККБнын тергөө бөлүмү жүргүзүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!