Президент колундагы саатын журналистке такты

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:09

Президент Алмазбек Атамбаев колунда тагынып турган кол саатын "Де факто" гезитинин башкы редактору Амантур Мусагуловго белекке тартуулады.

Журналист Мусагулов кетип жаткан мамлекет башчыга ыраазычылык билдирип, маалымат жыйынга бир күн калганда түш көрүп, түшүндө Алмазбек Атамбаев кол саат белек кылганын айтып, саатын белекке берүүнү сурады.

Өз кезегинде президент журналисттин өтүнүчүн жеринде орундатып кол саатын чечип берди. Юмор аралаш "костюм, шым" сурабасаң болду",-деди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!