​Кызганычтан бөтөлкөлөшүн жаралады

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 13:17

Борбор каалада адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын билдирген маалыматты боюнча, 17-ноябрь күнү болжол менен саат 18:30 чамасында “102” кызматына телефон аркылуу батирде канжалаган адам жатканын кабарлашкан.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу келишкен. Тергөөнүн жүрүшүндө шаардын кичи райондорунун бириндеги батирде үч жаран (эки эркек адам менен аял киши) спирт ичимдигин ичип отурушуп, эки эркек адамдардын ортосунда кызганычтын айынан чыр чыккан. Андан улам К.А. аттуу жаран экинчисин моюн тарапка бычак менен сайып салган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары милиция кызматкерлери тарабынан 1978-жылы туулган жаран кармалды.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!