Бишкек-Ош жолунда 40 тонна май төгүлдү

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:05

Бишкек-Ош жолунда 40 тонна күйүүчү май бар унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин патрулдук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 09:40 чамасында аталган унаа жолдун 403-чакырымында, Кара-Көл шаарынын аймагында катталган. Анда “Freightliner” үлгүсүндөгү май ташуучу унаа жогорку ылдамдыкта бара жатып, жолдон чыгып кетип, тосмону сүзүп, капталга оодарылып кеткен. Кырсыкка кабылган унаанын ичиндеги 40 тонна күйүүчү май бар болгон, анын баардыгы кырсыктын кесепетинен төгүлүп калган.

Патрулдук милициянын кызматкерлери айдоочулардын коопсуздугу үчүн жолду эки жагынан жабышкан. Күйүүчү май төгүлгөн жерге кум себишкен. Учурда жол эки тарабынан тең ачык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!