Бишкекте кеңсени өрт каптады (видео, фото)

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:52

Бишкек шаарында көчөсүндөгү күйүп жаткан 2 кабаттуу үйдөгү өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “101” өрт өчүрүү кызматына болжол менен саат 11.00дө Борбор кааланын Октябрь районунун Бектенов көчөсүндөгү 2 кабаттуу турак үйдө өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Кырсык болгон жерге барган өрт өчүрүүчүлөр саат 12:19да өттүн башка үй жана имараттарга өтүп кетүү коркунучун чектөөгө алышкан.

Тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн 3 өрт бөлүмү тартылган.

“Ижарага берилүүчү 2 кабаттуу үйдүн 350 чарчы метр чатыры күйгөн. Бул үйдүн биринчи кабатында адамдар жашаган. Ал эми экинчи кабаты кеңсе болгон. Кырсыктан жабыр тарткандар жок”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!