24-ноябрда бир нече көчөлөр жабылат

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 16:17

24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине байланыштуу борбор калаадагы бир нече көчөлөргө чектөө киргизилет.

Кайгуул милициясы билдиргендей, 24-ноябрь күнү Чыңгыз Айтматов, Манас жана Чүй кең көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат.

Бул күнү азыркы президент Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго президенттик кызматты расмий тапшырат.

15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 52 пайыздан ашык добушу менен жеңишке жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!