Президенттин сыйлыгын кимдер алды?

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 16:48

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчынын кол койгон жарлыгына ылайык, төмөнкү инсандар сыйлыкка ээ болду:

II даражадагы «Манас» ордени менен: Дуйшебаев Талант Ибраимович - машыктыруучу, гандбол боюнча олимпиада чемпиону;

Ниязов Фарид Абилезимович - Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси;

III даражадагы «Манас» ордени менен:

Жумагулов Аскарбек Жумагулович - Чүй облустук согуш жана эмгек ардагерлеринин кеңешинин төрагасы;

Илмиянов Икрамжан Саттарович - Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси;

Шаповалов Вячеслав Иванович - Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин «Перевод» илимий борборунун директору;

«Курманжан Датка» ордени менен: Шайлдабекова Нуржан Кармабековна - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы;

«Достук» ордени менен: Артыков Анвар - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Мамытов Токтокучук Болотбекович - Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин кеңешчиси;

Мохаммад Абдурахман Ахмад Альшайа - «Центр Ас-Сафа» коомдук бирикмесинин жетекчиси; Ниязов Мирослав Джумабекович - Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; Уметалиев Өмүрбек Асылбекович - «Кыргыз Республикасынын Аксакалдар кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы;

«Даңк» ордени менен: Алымбаев Азамат Алымбаевич - Бишкек шаарынын № 2 клиникалык төрөт үйүнүн башкы врачы;

Асаналиев Алмаз Турдакунович - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

Богатырев Валентин Борисович - «Аналитический консорциум «Перспектива» жоопкерчилиги чектелген коомунун координатору;

Өмуркулов Иса Шейшенкулович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; Осмонкулов Рыскельды Каниметович - эстрада ырчысы;

Субанбеков Бакирдин Жамалович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

«Даңк» медалы менен: Акенеев Жумакадыр Асанкулович - көз карандысыз эксперт;

Бакетаев Бакыт Кушбекович - саясат таануучу;

Догоев Дастан Давлетович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Кадыров Бахтияр Сабиржанович - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

Какчекеев Токтогул - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын кеңешчиси;

Ормонов Кубанычбек Калыевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Кыргызжолтрансдолбоор» долборлоо жана изилдөө институтунун курулуш иштери боюнча директордун орун басары;

Усупбекова Айнура Максатбековна - көз карандысыз эксперт, «Таза Шайлоо» ассоциациясынын мурдагы жетекчиси;

Эгизбаев Азис Ибраимович - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Шайлоо технологиялары борборунун бизнес-талдоочусу сыйланды.

Мындан сырткары “эл артисти”, “эл сүрөтчүсү”, “эмгек сиңирген артист”, “эмгек сиңирген дарыгер”, “эмгек сиңирген юрист” наамдары жана Ардак Грамоталар менен ондогон адамдар сыйланды.

Төмөнкү шилтеме аркылуу сыйлык алган жарандардын тизмеси менен толук тааныша аласыз. http://prezident.kg/files/docs/award/ukaz_noyabr_k...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!