“Тойота Камри” беш адамды сүзүп кетти

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 10:28

Аламүдүн районундагы кырсыктан 3 адам каза болуп, 2 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык 20-ноябрда саат 15:45 чамасында Борбор кааланын Кара-Жыгач айылынын Фрунзе жана Центральная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 48 жаштагы Арашан айылынын тургуну “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаасы менен 5 адамды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден 45 жаштагы аял каза болгон. Андан сырткары 30-35 жаштагы аял жана 7 жаштагы бала ооруканада жан берген. Ал эми жабыркагандардын экөө жана айдоочу менен аялы ооруканага жеткирилген.

Учурда аталган кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!