Жол кырсыктарынан 261 адам көз жумду

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 12:07

Кыргызстандын аймагында акыркы алты жылдын ичинде катталган өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 500дөй адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2017-жылдын октябрь айына чейин 1660 өзгөчө кырдаалдар катталган. Анын кесепетинен 480 адам каза болуп, материалдык чыгым 5 млрд 794 млн 100 сомду түзгөн.

Өзгөчө кырдаалдардын ичинен жер титирөө 19 жолу, жер алдынан чыккан суулар 29 жолу, катуу бороон 4 жолу, муз каптоо 18 жолу, мөндүр 20 жолу, суу ташкыны 75 жолу, жаратылыштагы чоң өрттөр 2 жолу, үшүк жүрүү 5 жолу катталган.

Адам өмүрлөрүн алып кеткен өзгөчө кырдаалдар:

Кар көчкү 340 жолу катталып, 41 адам каза болгон;

Катуу шамал 128 жолу катталып, анын кесепетинен 4 адам каза болгон;

Техногендик мүнөздөгү чоң өрт кырсыктары 103 жолу катталып, анын кесепетинен 31 адам каза болгон;

Жер көчкү 124 жолу катталып, анын кеспетинен 42 адам каза болгон;

Калың кар 43 жолу катталып, 1 адам каза болгон;

Сел кырсыктары 548 жолу катталып, 17 адам каза болгон;

Таш кулоо 25 жолу катталып, 1 адам каза болгон;

Имараттардын жана курулуштардын кокусунан кыйроосу 10 жолу катталып, анын кесепетинен 21 адам каза болгон;

Чоң жол кырсыктары 49 жолу катталып, анын кесепетинен 261 адам каза болгон;

Массалык түрдө жугуштуу оору менен ооруу 14 жолу катталып, 3 адам каза болгон;

Авиакатастрофа 3 жолу катталып, анын кесепетинен 45 адам каза болгон;

Чагылган 7 жолу катталып, 4 адам каза болгон; жарылуу 1 жолу катталып, 2 адам каза болгон;

Аскердик окуялар жана социалдык чыр-чатактар 5 жолу катталып, 2 адам каза болгон;

Газга уулануу 1 жолу катталып, 2 адам каза болгон.


Болуп өткөн өзгөчө кырдаалдарды облустарга бөлүп карасак:


Чүй облусунда 146 өзгөчө кырдаал катталып, 142 адам каза болгон;

Талас облусунда 68 өзгөчө кырдаал катталып, 5 адам каза болгон;

Нарын облусунда 113 өзгөчө кырдаал катталып, 27 адам каза болгон;

Ысык-Көл облусунда 154 өзгөчө кырдаал катталып, 64 адам каза болгон;

Ош облусунда 356 өзгөчө кырдаал катталып, 73 адам каза болгон;

Баткен облусунда 196 өзгөчө кырдаал катталып, 25 адам каза болгон;

Жалал-Абад облусунда 584 өзгөчө кырдаал катталып, 132 адам каза болгон.

Белгилей кетсек, 2012-жылдан 2017-жылдын октябрь айына чейин куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 2311 адамдын өмүрү сакталып калынып, 31 млрд 524 млн сомдон ашуун материалдык товардык баалуулуктар сакталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!