Бала зордуктоого аракет кылган жигит камалды

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:13

Ош шаарындагы бала бакчада жаш баланы зордуктоого аракет кылган деп шектелген жигит эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары туруктуу жашаган жери жок 1997-жылы туулган жаран кармалган. Аталган факт кылмыш иш козголгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 13-ноябрда 20 жаштагы жигит жеке бала бакчалардын бирине кирип, 4 жашар баланы зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу арыз менен милицияга ата-энеси кайрылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!