​Жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылды

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 16:40

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү үйлөрдүн ачылыш аземине катышып, мамлекет башчысы өз сөзүндө милиция кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, жаңы үйлөрдүн ачылышы анын үчүн майрамдык өзгөчө окуялар экендигин белгиледи.

Президент укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн бир нече үй салынгандыгын эске салып, декабрь айында Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 200 батирлүү үйлөрдүн курулушу аяктаарын кошумчалаган.

“Мындай иштер Өкмөт жана кийинки Президент тарабынан улантылат. Анткени күч түзүмдөрүнө өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Кыргызстанда туруктуулук жана коопсуздук болушу үчүн ошол туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылгандар күчтүү болушу керек. 2010-жылдагы трагедия учурунда армия менен милициянын жоктугунун кесепетин көргөнбүз”, -деди Президент.

Мамлекет башчысы акыркы алты жылда Кыргызстан өнүгүүдөгү өз жолун тапкандыгын белгилеген.

“Алты жыл мурда Кыргызстан талкаланып жок болот дешкен. Андай болгон жок. Азыр өлкө чыңдалып, күн санап гүлдөп баратат. Биз бул жолдон тайбашыбыз керек”, -деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев жарандарды биримдикти жана ынтымакты сактоого чакырды.

“Кыргызстандын жарандарынын арасында улуттарга бөлүүгө жол берилбеши керек. Көп улуттуу кыргыз эли – бирдиктүү эл. Биздин күчүбүз биримдикте”, -деди ал.

Ошондой эле мамлекет башчысы сөзүн аяктаган соң, бул үйлөрдүн короосуна балдар үчүн аянтча курууга 300 000 сомдук сертификат тапшырып, жаңы батирлерди кыдырып көрүп чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!